super.kg logo
  Саясат  

"Ош шаарын өнүктүрүү үчүн 2014-жылы 4,7 миллиард сом инвестиция тартылды" деди шаардын биринчи вице-мэри

 
Ош шаарын өнүктүрүү үчүн 2014-жылы 4,7 миллиард сом инвестиция тартылды. Маалыматты 2-февралда Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынында шаардын биринчи вице-мэри Замир Аскаров билдирди. Аскаров өткөн жылы ишкерлер тараптан 2 миллиард 769 миллион сомдук продукция өндүрүлгөнүн айтты. 
"Курулуш материалдарын жана кир жуугуч машиналарды өндүрүүчү биргелешкен кыргыз-кытай ишканалары ачылган. Ош шаарын өнүктүрүү үчүн 4 миллиард 700 миллион сом суммасында инвестициялар тартылды. 2013-жылы болгону 2 миллиард 800 миллион сом тартылган. Ош шаарында 2014-жылы орточо айлык акы 10 700 сомду түзсө, 2013-жылы орточо айлык акы 10 миң сомго жеткен эмес. Донорлор жана шаардыктардын колдоосунда жергиликтүү бюджеттин эсебинен балдар аянтчасын, тротуарларды жана башка коомдук жайларды көрктөндүрүүгө 90 миллион сомдон ашуун каражат жумшалды",- деди вице-мэр.

Акыркы жылдары 45 көп кабаттуу үй борбордук жылытуу тутумуна кошулганы, дагы 130га жакын курулуш жылытуу тутумуна кошулууга кезекте турганы айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: