super.kg logo
  Саясат  

Ош шаарында 2 муниципалдык ишкананын башчысына сөгүш берилди

 
Ош шаарынын бюджетин көбөйтүү үчүн чоң резервдер бар. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2-февралда Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынында билдирди. 
"Быйылкы жылга карата шаар бюджети 930 миллион сомду түзөт. Жакында экономисттердин көз карандысыз тобу Ошто өткөрүлгөн иликтөөлөрдөн соң 123 миллион сомдук резервдер бар экенин аныктаган. Ошондуктан мэрия резервдердин эсебинен өз бюджетин жогорулатуу боюнча ишти активдүү жүргүзүүсү тийиш",- деди Сарпашев.

Коллегиялык жыйында муниципалдык транспорт ишканасынын директору Абдыкалык Койчубаевге ишкананын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн начарлаганы үчүн, “Жылуулук энергиясы” муниципалдык ишканасынын директору Кубанычбек Алишеровго дебитордук карыздардын өсүүсүнө жол бергени үчүн сөгүш жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: