super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар маанилүү документтен "Бекмамат Осмонов Ош облусунун төрагасы болгон" деген катаны табышты

 

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети 3-февралда мамлекеттик ишмер Бекмамат Осмоновго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүү сунушун карады. Жыйында депутат Мыктыбек Абдылдаев документтеги катачылыктарды айтып чыкты. “Катта Бекмамат Осмонов Ош облусунун төрагасы болгон деп жазылыптыр. Ал Ош облусунун эмес, Жалал-Абад облусунун губернатору болгон. Болгондо да жалпы эл колдогон. Мындай ката менен документти президентке кантип жибергени жатасыңар? Оңдош керек. Бул катаны оңдоо - маселени караган комитеттердин жана фракциялардын милдети”,- деди Абдылдаев. 

Эскерте кетсек, Бекмамат Осмонов Жогорку Кеңештин 2 чакырылышынын, мунун ичинде легендарлуу парламенттин депутаты болгон. 1991-жылы Жалал-Абад облусунун губернатору болуп шайланган. Б.Осмонов 1997-жылы 28-октябрда дүйнөдөн кайткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: