super.kg logo

Сойкукана болуп чыккан жайдын ээси Турсунтай Салимовдун депутаттык мандатын токтотуп туруу талап кылынды

 

Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын коррупцияга каршы ички комиссиясы сойкукана деп табылган спорттук-көңүл ачуу борборунун ээси Турсунтай Салимовдун депутаттык мандатын токтотуп турууну талап кылды. Тиешелүү кайрылууну бүгүн, 3-февралда аталган комиссиянын өкүлү Ренат Самудинов жарыялады.

Анда төмөнкүлөр жазылган: 

"КСДПнын депутаты Т.Салимовго таандык спорттук-көңүл ачуу борборунда болгон окуя боюнча массалык маалымат каражаттарында пайда болгон маалымат коомчулуктун үрөйүн учурду. Ал эми партиянын мүчөлөрү шайлоочулардын алдында ыңгайсыз абалда калышты. Партия мүчөлөрүнө жана анын колдоочуларына ар тараптан ар түрдүү сын-пикирлерди угууга туура келүүдө (албетте, эгерде башкаруучу партиянын биринде сойкукананын ээси депутат болуп жатса). Биз, КСДПнын мүчөлөрү, тергөө иштери аяктаганга чейин Т.Салимовдун депутаттык мандаты токтотулуп туруусун талап кылабыз. Эгерде ага коюлуп жаткан айып аныктала турган болсо, анда ал партиянын мүчөлүгүнөн чыксын. Себеби депутат болуп отурганга анын эч кандай моралдык укугу жок",- деген пикирде комиссия.

"Өкүнүчтүүсү, акыркы учурда депутаттардын катышуусунда болуп жаткан окуялар мыйзамдын бекемдигине жана пайдалуулугуна күмөн санатып, элдин мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишеничин жоготууда. Жогорку Кеңештин депутаты Т.Салимов өзүнүн саясий маданияттуулугун көргөзүп, депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшырат деп үмүттөнөбүз. Мындай кадамдар башка саясатчыларга үлгү боло алат эле",- деп кайрылат комиссия.

Эскерте кетсек, 27-январда борбор калаадагы Чыгыш-5 кичи районунда спорттук-көңүл ачуучу жайлардын бирине текшерүү жүргүзүлүп, анда көмүскө сойкукананын иштеп жаткандыгы аныкталган. Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимов бул жай анын менчиги экенин ырастаган, бирок аны ижарага берип койгондугун баса белгилеген. Бир нече убакыт өткөн соң ИИМ эл өкүлүнө таандык саунаны ижарага алып, көмүскө сойкукана кылып иштеткен жаран жоопкерчиликке тартыларын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(21)
03.02.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жакшылап териштирсе, коп депутаттар мандатынан ажыраса керек , же милициянын кээ бирлери.
03.02.2015. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Rifle,туура айтасыз
03.02.2015. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошого депутатда
03.02.2015. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Силерге акча табу кыйынчылык деле туудурбайт ошол акчаны адал кылып тапсанар болбойбу.Арам тамак аш болбойт
03.02.2015. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туура эле.мандатын алсын..!депутат болбой кал.!
03.02.2015. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
озу буларды грузчик кылып эле иштетиш керек!! кыргызча жакшы суйлой албайт!!булдарап чулдурай берет!! узбекистанда же таджикистанда кыргыз депутат барбы экен???? буларга бари бир !! кыргызстанды ойлошпойт!!!
03.02.2015. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сойкукананын ээси болгондон кийин автоматтык турдо жепутаттык мандатты тапшырыш керек да.Биз карапайым элдин унун уккан адам бар бекен негизи Кыргызстанда,же сайрап жазып какшап кала беребизби?Откондо эле озунун оозу менен айтканды окуганбыз,мен дейт,ар апта сайын барып эс алып турам дегенин.Ар аптада сойкуга барбай уйбулосу менен эс алса болот го.Ушул жепутаттын тел номерин ким билет?уч соз менен мандатын тапшыртып коёюн.Суперчилер менин жазганымды туура тушунуп,бан кылбай тургула сураныч.
03.02.2015. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туптура чечим чыгарган.
03.02.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уят эле... Депутат болуп сойкулукту жоюштун оордуна,кыз сатып бизнес кылыш уят эле... Сөз жок,түңүлдүм...
03.02.2015. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буга окшогон депутат кыргызга кереги жок кетсин кыргызстандан чыгып
03.02.2015. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
правда кочосундо да турушат беле кыздар бар деп, ошондой эле экен да э?
03.02.2015. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээй эл журт,ушул жепутаттын тел номерин билсенер бергилечи сураныч.Депутат болуп Кыргыздын кызын сойкуканада сатыптыр,ушул немеге озум чара колдонойун.
03.02.2015. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
danyshman, сдпк партиясынан экен!! коррупцияга каршы ички комиссиянан экен!! Кыргызстан, г.Бишкек, ул.Шабдан Баатыра, д.4б (бывшая ул.Алма-Атинска ушул адрестен кармап!!!анан уйгурстанга депортация кылш керек!!
03.02.2015. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде саяссий оюн бар туугандар.Бул киши жакшы эле киши мен билем.СДПК партиясы убагында акчасын алып иштетип эми акырын четтетип жаткан учуру.
03.02.2015. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тууура пикир. Керек болсо ошол кыздардын абиийри учун жооп бериш керек. Озунун коргонундагы кыздарга туура жол корсото албаган кыргыз элине пайдасыы жоокгшо. Сдпк нын жузу кандай реакция жазаса билинет

03.02.2015. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайга тооба деп семьясын адал акча м.н бакбайбы.Билип туруп танган адамдарчы,андай эмес деп.Жакшылап текшерсе коп эле депутаттан чыгат мындай былык иштин башы.Азыркы депутаттар эл корбосо к???м боору жесин дейт.Наамыс,уят деген сезим жокко эсе.
Модератор samidinova84 түзөттү 2015-02-03 23:20:00
04.02.2015. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буга окшогон дагы канчалаган жепутаттар отурушат ак уйдо! Чындап текшере келсе каждый второй занимается с этим!
04.02.2015. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой шерменде уят го, депутаттардын наамын булгап, ошентип оокат кылып жатышкандарына
04.02.2015. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит экенго,кой терисин жамынган боруго.
04.02.2015. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
120 жепжутаттын кереги жок алакандай кыргызстанга ар бир областтан 10 болсо 70 эле депутат жетет министрлери да канча ай сайын 50минден алышса машинасына акысыз май чет олколорго чыккандары да акысыз жыргализм. жанагындай бизнес ачып кыз сатып байып жата беришет казино иштетип коюшуп. бары ошондой. жана турмодо отурганы да айлык алат экен а мугалим ооруп келбей калса акчасы кесилет. адилеттулук деген жок Кчргызстанда
04.02.2015. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
meli12, кошулам!
120 депутаттын ар биринде 2ден кенешчи.жардамчы.секретарь.шофер.жансакчы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: