Ош облустук ооруканасына "улуттук" деген статус берүү сунушун депутаттар президенттик аппаратка жиберишти
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 3-февралдагы жыйынында "Электр энергетикасы жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү сунушун колдоду. Депутат Бакыт Шаршеев билим берүү, маданият, социалдык коргоо жана саламаттыкты сактоо жаатындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин электр энергиясы үчүн өз убагында акы төлөбөгөнүнөн улам топтолуп калган айып туумдар бар экенин айтып, "бул мекемелердин күнөөсүнөн эмес, каражаттын убагында бөлүнбөгөнүнөн болууда" деп билдирди. Сунушталып жаткан долбоордо аталган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден туумдарды төлөтүп алууну токтотуу жагы каралууда.
Автор: Автандил Добулбеков
Комитеттин жыйынында "Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтом долбоору да каралып, аталган ооруканага "улуттук" деген макам берүү сунушу талкууланды. Жыйытыгында бул сунуш Кыргыз Республикасынын Президентинин аппараты менен өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

