Бокс сүйүүчүлөрүнүн эл аралык ассоциациясы Азат Усеналиевди "Январь айынын мыкты мушкери" деп атады



Бокс сүйүүчүлөрүнүн эл аралык ассоциациясы (AIBA) кыргызстандык мушкер, “Украинские атаманы” клубунун мүчөсү Азат Усеналиевди "Январь айынын мыкты мушкери" деп тапты. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, “Айдын мыкты мушкери” долбоорунун алкагында 2015-жылы мыкты болуп алгач Азат Усеналиев табылды. Бул наамды Азатка Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларынын алкагында уэльстик Эндрю Селбинин үстүнөн болгон жеңиш алып келди.
Азат Усеналиев атактуу Эндрю Селби менен 23-январда Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларында кез келип, 4-раундда техникалык нокаут менен жеңип алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

AIBA - бул Международная ассоциация любительского бокса. Кыргыз тилинде Бокс сүйүүчүлөрүнүн (профессионалдар эмес, бокс спортуна кызыккандардын) эл аралык ассоциациясы деп айтылат. Сиз кайсыл жактан кандай ката көрүп жатасыз, түшүнбөй турам. Эгер ката деп эсептесеңиз info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине так, толук жазып жөнөтсөңүз.