super.kg logo
  Саясат  

Баалуу металлдар менен алектенгендердин жоопкерчилиги күчөтүлөт

 

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 3-февралда баалуу металлдар жана асыл таштар менен алектенген тараптардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун карап, 1-окууда жактырды. Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, баалуу металлдар жана асыл таштар менен соода операцияларын жасоо жаатында мыйзам талаптарын бузуу өтө көп, ал эми айып пулдардын өлчөмү аз болууда. Жоопкерчиликке тартуу чаралары максатына жетпей калып жатат. Долбоор менен айып пулдун көлөмүн 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин көтөрүү сунушталууда. 

Анда айтылгандай, Кыргызстанга жылына 20 тоннага чейин баалуу буюмдар алынып келет. Баалуу металлдан жасалган буюмдарга толугу менен Кыргызстандын мамлекеттик эн тамгасы басылууга тийиш. Бирок иш жүзүндө мындай талап аткарылбай жатканы айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: