super.kg logo
  Саясат  

Өткөн жылы Баткен облусунда токтоп турган 6 ишкана ишке киргизилди

 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарган кезектеги коллегия болуп өттү. Ага биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, облус жетекчиси Жеңиш Разаков, облустун район-шаарларынын жана мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди. 

Жыйындын жүрүшүндө аймакта токтоп калган 8 өнөр жай ишканасынын ичинен 6 ишкана 2014-жылы ишке киргизилгени айтылды. Кайрадан иштеп баштаган “Нуркен” ишканасы өткөн жылы 53,6 миллион сомдук өнөр жай продукциясын өндүрдү, “Ормон” - 2,8 миллион сом, “СК Агропласт” - 15,9 миллион сом, “Кутчу” - 3,4 миллион сом, “Баткеннефтегаз” - 6,9 миллион сом, “Арбет и К” 0,8 миллион сомдук кошумча өнөр жай продукцияларын өндүрүп, облустун өсүү темпи 1,5 пайызга жогорулады.

Мындан сырткары облус аймагында 2014-жылы 8 жаңы ишкана ачылды. Анын ичинен 3 кыш чыгаруучу, 1 пескоблок жана 3 көмүр өндүрүүчү ишканаларына 68,2 миллион сомдук инвестиция тартылып, 250 жумушчу орун түзүлдү.

Кичи орто ишкердикте иштеген 210 ишкана өткөн жылга салыштырмалуу 27 миллион сомдук ашыкча өнөр жай продукциясын өндүрүп, облустун өсүү темпи 0,6 пайызга жогорулады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: