Алмазбек Атамбаев Италиянын президенти болуп шайланышы менен Сержо Маттарелланы куттуктады
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-февралда Италиянын президенти болуп шайланышы менен Сержо Маттарелланы куттуктады. Куттуктоодо президент Кыргызстан приоритеттүү тармактарда Италия менен достук мамилени жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө маани берерин билдирди. Италия президентине бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Сержо Маттарелла Италия парламенти тарабынан 2-февралда президент болуп шайланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

