Алмазбек Атамбаев Германиянын президенти Йоахим Гаукка көңүл айтты
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-февралда Германия федеративдүү мамлекетинин биринчи федералдык президенти Рихард фон Вайцзеккердин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Германиянын президенти Йоахим Гаукка көңүл айтты. Маалыматты президенттик аппараттан билдиришти. Мамлекет башчы телеграммасында дүйнөлүк масштабдагы саясатчы, Германиянын биринчи федералдык президенти Рихард фон Вайцзеккер өлкөнү татаал жана өткөөл мезгилде татыктуу башкарганын, Европа алкагындагы элдердин биримдигин бекемдөөгө кошкон салымын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

