Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 3,7 миллиард метр кубга аз

3-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 16 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 3 миллиард 757 миллион метр кубга аз. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 149 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 184 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 596 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 778 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 3-февралда суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 миллиард 773 миллион метр кубду түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:27
2025-08-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Rifle

04.02.2015. 09:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай кабарды окуган сайын жаным чыгып жатат. Конкретно тактап, нормадан ашык чыгып жаткан болсо бул да коррупция да. Соттоп салбайбы ! Энергия ондуруп жатабыз деп , бетин чонойтуп отура бербей , альтернатива ойлонбойбу ? Келечекте кандай болот ?
kg-zzzzz

04.02.2015. 16:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
максим бакиев сууну сатып салды деп шылтоо кылып элди тополонго чакырган окмот эми неге унчукпайсынар ким айыптуу соттобойсунарбы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.