Ошто 37 жаштагы жарандын үйүнөн диний-экстремисттик уюмга тиешелүү материалдар алынды
Ош шаарында 37 жаштагы Т.З. аттуу жаран жашаган үйдөн “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна тиешелүү материалдар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, текшерүү учурунда кыргыз, өзбек тилиндеги 15 китеп, 3 флеш-карта, компьютер, дисктер алынган. Ош шаарынын дин иштери боюнча атайын комиссиясы флеш-картадагы маалыматтар диний-экстремисттик маанайда экенин аныкташкан. Мындан улам “улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Мумкун динди туура карманганды уйротобуз ? Баарыбыз адашуучубуз.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.