super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги Октябрь районунун башчысы Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган мелдештин жеңүүчүлөрү менен жолукту

 

Бишкектеги Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган күрөш боюнча 38-Эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү менен жолукту. Бул тууралуу 3-февралда мэриядан билдиришти.

Жолугушууда район башчысы спортчуларды жеңиши менен куттуктап, жаш жана перспективдүү спортчулар Октябрь районунун гана эмес, өлкөнүн дагы сыймыгы экенин эскертип өттү. Район башчысы Болот Алымкулов  мурда өзү спорт менен машыкканын айтып, спорттогу кыйынчылыктар тааныш экенин белгиледи. Аталган эл аралык мелдеш борбор калаада 28-январь, 1-февраль күндөрү өткөрүлүп, 5 салмак категориясынан кыргыз спортчулары жеңишке ээ болушту. Алардын ичинде Октябрь районундагы №14-орто мектептин спорттук клубунда машыккан Рахманкул Аватов (49 кг) жана Медер Мамакеев (60 кг) бар. Бул жылы аталган турнирге Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Монголия жана Таиланд өлкөлөрүнөн жалпысынан 179 спортчу катышты. Алардын арасында курама командалардын жана Олимпиада жеңүүчүлөрү да бар экенин боксчулардын машыктыруучусу Азамат Ибраев, команданын менеджери Султан Абдуллаев билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: