super.kg logo
  Саясат  

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун комага түшүп калганы айтылууда

 

28-январда саат 20:30 чамасында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Куксарой (Дурмень) резиденциясында тамактануу учурунда эс-учун жоготкон. Бул тууралуу Өзбекстан Элдик Кыймылы республиканын өкмөтүндөгү жеке булактарына таянып жарыялады.

Маалыматка ылайык, резиденциянын медицина кызматкерлери өлкө башчыга тез жардам көрсөтүшкөн. Аларга дагы кошумча адистер чакырылган, бирок Каримов эсине келбегени кабарланууда. "29-январда да президент комада болгон. Мындан улам резиденцияга Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Р.Иноятов, премьер-министр Ш.Мирзияев, Президенттин коопсуздугу кызматынын башчысы М.Тохирий келишкен. Алар эмнени талкуулаганы белгисиз",- деп билдирет оппозициялык кыймыл.

Өзбекстан Элдик Кыймылы 29-январда саат 17:00 чамасында И.Каримов Республикалык кардиология борборунун дарыгерлеринин жардамы менен эсине келгенин жарыялаган. Оппозициянын эскертишинче, акыркы эки жылдын ичинде Өзбекстандын лидери экинчи жолу эс-учун жоготуп, жумушка убактылуу чыккан эмес.

Айта кетсек, Өзбекстанда кийинки президенттик шайлоо быйыл 29-мартта өтмөкчү. Анда негизги талапкер катары учурдагы президент Ислам Каримов жана Өзбекстандын Элдик-демократиялык партиясынын лидери Хатамжон Кетмонов катышары айтылган






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: