super.kg logo

Бишкекте “Карлуу романс” музыкалык кечесинде авторлор ырларын көркөм окуп, кайрыктарына обон созушту

 

Бишкектеги Орус илим жана маданият борборунда адабият-музыкалык салону ачылып, анын алкагында “Карлуу романс” музыкалык кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда уюштуруучулар билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага ырчылар, музыканттар, акындар катышып, ага 70тен ашуун адам күбө болду. Кеченин музыкалык бөлүгүн Игорь Воронцов менен Ольга Жижеринанын аткаруусундагы орус романстары түзсө, аларды концертмейстер Елена Никитина, “Компари” дуэти коштоп турушту. Өзүнүн автордук кайрыктарын акын, музыкант Анэс Зарифьян тартуулады. Ал эми өз калемине таандык ырларын акындар Светлана Суслова, Дмитрий Сагайдак, Алтынай Иманбекова, Лилия Аргинова, Сардор Ибрагимов окуп беришти. Ошондой эле Омар Хайямдын жана Михаил Лермонтовдун ырларын Уланмырза Карыпбаев көркөм окуду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: