super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлигинин аймактардагы кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында тренингдер өттү

 

Персоналды башкаруунун майнаптуулугун жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин аймактык органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында тренингдер өткөрүлдү. Бул тууралуу 3-февралда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Трасттык фонддун “Мамлекеттик финансыны башкарууда потенциалды өнүктүрүү” долбоору тарабынан тренингдерге 2014-жылдын декабрында эле ишке кирген «M-Group» консультациялык компаниясы тартылган. Өткөн жылдын этегинде аты аталган компаниянын консультанттарынын катышуусунда өлкөнүн түндүк региондорунун кызматкерлери окуудан өтүшкөн.      

Жыл башынан бери окутуу улантылып, өлкөнүн түштүгүндө да аймактык органдардын кызматкерлери үчүн бир катар окутуу тренингдери өткөрүлдү. Алсак, 2015-жылдын 12-14-январында Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад облусунун кызматкерлери үчүн, 2015-жылдын 15-17-январында Ош шаарында Ош облусунун кызматкерлери үчүн тренингдер уюштурулду.

Тренингдин негизги милдети – персоналды башкаруудагы заманбап кадрдык технологияларды пайдалануу менен негизги министрликтеги мамлекеттик башкарууну тескөө системин өркүндөтүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: