super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева "Нарында көмүр казуу менен алектенген ишканаларды тартипке салуу керек" дейт

 
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева "Кара-Кече" кенинде иш жүргүзүп жаткан ишканалардын ортосунда тартип орнотуу зарылдыгын айтты. Өкмөт мүчөсү ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна жол берилбеши керектигин билдирди. "Бул жерде иштеген көптөгөн чарбалык субъекттер кандай жол менен болсо да салык төлөөдөн качып келишет. Мындайды токтотуу зарыл, бардык ишкерлер ачык жана таза иштөөсү кажет. Облус жана район башчылары аймакта ишкердикти өнүктүрүүгө шарттарды түзүп бериши шарт. Нарын облусунда көмүрдүн ири кору бар, аны өндүрүүнү жана сатууну туура уюштурса эле аймак өзүн өзү камсыздоо менен дотациядан чыгат",- дейт Ниязалиева.
Мындай пикирди вице-премьер 3-февралда Нарын обладминистрациясынын коллегиялык жыйынында айтты.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: