super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште эл аралык келишимдерге байланыштуу бир катар мыйзам долбоорлору каралды

 

Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Катар өлкөсүнүн ортосундагы "Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" ратификациялык мыйзамдын долбоору 2-3-окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, Катар Кыргызстанга экономикалык инвестиция салып, бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууга, биоветеринардык лабораторияларды куруп, экологиялык жактан таза эт азыктары менен минералдык сууларды алууга кызыкдар. Азыр өкмөттөр аралык жумушчу комиссиясы иш алып барууда. 

Андан сырткары "Нагоя протоколуна Кыргызстандын кошулуусу тууралуу" ратификациялык мыйзамдын долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин билдиришинче, бул конвенция Кыргызстанга жаратылыш беренелерин сактоо, анын биологиялык түрдүүлүгүн коргоо боюнча каражат тартуу жаатында чоң пайда алып келет.

Белгилей кетсек, 2010-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Биологиялык ар түрдүүлүк конвенциясынын алкагында түзүлүп, 2014-жылдан тарта иш жүргүзө баштаган бул эл аралык конвенцияга 55 мамлекет кирген. Кыргызстан өнүгүп бараткан өлкө катары жылына 100-150 доллар өлчөмүндө мүчөлүк акы төлөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: