Ош шаарынын спортчулары 2014-жылы жалпы 98 алтын, 78 күмүш, 135 коло медаль утушкан

Ош шаарынын спортчулары 2014-жылы жалпы 98 алтын, 78 күмүш, 135 коло медаль утушкан. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынында шаардын биринчи вице-мэри Замир Аскаров билдирди.
Анын айтымында, өлкө биринчилигине 21 спортчу, эл аралык мелдештерге 31 спортчу, республикалык деңгээлдеги мелдештерге 14, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 1, Азия оюндарына 1, Азия чемпиондугуна 4, Борбордук Азия чемпиондугуна 3, Евразия Кубогуна 1, Дүйнө биринчиликтерине 2, Республикалык Универсиадага 1 спортчу катышкан. “Кыргызстан эгемендик алгандан бери Ош шаарынын тарыхында алгачкы жолу спорттун 8 түрүнөн өлкө биринчилиги, 7 спорт түрүнөн эл аралык мелдеш өткөрүлдү”,- деп кошумчалады вице-мэр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.