super.kg logo
  Саясат  

Мектептерде ата-энелерден акча чогултууну ачык кылууга багытталган демилге 2-окууда добуш берүүгө жиберилди

 

Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңеш "Билим берүү жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулап, 2-окууда добуш берүүгө жөнөттү. Мыйзам долбоорунда ата-энелердин жана билим берүү уюмдарынын катышуусунда Камкордук кеңешин түзүп, аларга мыйзамдарга карама-каршы келбеген акча жана материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде чогултуу укугу берилери белгиленген. Ошондой эле бул процесске мугалимдер киришпейт, эгерде алар кирише турган болсо, алардын жоопкерчилиги каралат.

Талкууда депутат Исмаил Исаков чогултула турган каражаттын өлчөмүн так белгилөө керектигин сунуштады. Демилгечи депутат Дастан Бекешев ар бир мектептин муктаждыгы ар башка болорун айтып, "бир конкреттүү сан көрсөтүү туура болбой калат" деген пикирин билдирди. "Мектептерде коомдук фонддор түзүлүп, каражат чогултулуп, ар кандай нааразычылык кептер чыгууда. Бул көрүнүштү токтотуу максатында ата-энелердин өздөрүнөн түзүлгөн Камкордук кеңеши аркылуу ыктыярдуу каражат чогултуу ыкмасы сунушталып жатат",- деди Бекешев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: