"Борбордук мечиттен уурулук кылган" деп шектелген жаран кармалды

Бишкектеги борбордук мечиттен 2 уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы М.Кулманбек аттуу жаран кайрылган. Анда ал борбордук мечиттен белгисиз жаран анын 7 миң сомдук буюмун уурдап кеткенин айткан. Ушундай эле арыз менен 22 жаштагы К.Азамат аттуу жаран кайрылган, анда ал мечиттен "Самсунг" үлгүсүндөгү уюлдук аппаратын уурдатканын айткан. Бул кылмыштарга шектүү катары 25 жаштагы Ж.Азиз аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.