Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү Калкты тейлөө борборлорун ачуу пландалууда
Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү Калкты тейлөө борборун ачууну пландоодо. Муну бүгүн, 4-февралда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Долбоордун максаты - кызмат көрсөтүү процессин стандартташтыруу, эл жыш жайгашкан (калктын саны 20 миңден ашкан) аймактарда калкты тейлөө боюнча универсалдуу борборлорду түзүү.
"Калктын саны 20 миңге жетпеген аймактарда Мамлекеттик салык кызматынын үлгүсүндө сервис борборлорун түзүү мүмкүндүгү каралууда. Жаңы үлгү жарандардын жашаган жери боюнча каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо жана башка иштердин сапатын жакшыртат",- деп билдирет мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

