super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Ысык-Көлдө салык төлөбөй жаткан ири пансионаттар боюнча маселени чечүү тапшырмасын берди

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 3-февралда Ысык-Көл облусунун башчысы Эмил Каптагаев менен жолугушуп, Ысык-Көл облусунда 2014-жылы жасалган иштердин жыйынтыгы талкууланды. Өкмөт башчы былтыр Кыргызстанга туристтер көп келгенин белгиледи. Ысык-Көл облусундагы ири пансионаттарга жана эс алуу жайларына салык салуу боюнча системдүү иш алып барууну тапшырды. "Айрым ири пансионаттар жана эс алуу борборлору салык төлөбөстөн, өз кирешелерин көмүскөдө кармоодо. Бул ишке системдүү мамиле кылуу зарыл",- деди премьер.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Каптагаев облуста электр энергиясын үнөмдөө көрүнүшү байкалып жатканын, облус көмүр менен тийиштүү көлөмдө камсыздалганын айтып, өкмөт жетекчиси жаңы тарифтер боюнча элге тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: