super.kg logo
  Саясат  

"Турак жай кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди

 

Жогорку Кеңеш “КРнын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 4-февралда 1-окууда карап жатат. 

Баяндамачы, депутат Эсенгул Исаковдун Турак жай кодексинин кыргыз тилиндеги вариантындагы 13-беренесинин 2-пунктундагы “мамлекеттик” деген сөз “муниципалдык” деген сөз менен алмаштырылып жатканын айтты

“Себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик эмес, муниципалдык гана турак жайын менчиктештирүүгө бергенге укуктуу. Азыр баш аламандык болуп, жетекчилер күчүн жоготкон мыйзамдын негизинде мамлекеттик турак жайды менчикке берип коюп жатышат”,- деди Исаков. Жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: