Алмазбек Атамбаев Бажы союзуна кирүүдөн кийин пенсионерлердин абалы кандай болорун Социалдык фонддун башчысы менен талкуулады

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-февралда Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алды. Жолугушууда президентке Социалдык фонддун чыгымынын өсүшүн турукташтыруу, пенсиялык системдин эффективдүү иштешин камсыздоо үчүн Кыргызстанда пенсиялык камсыздоо системин өнүктүрүү концепциясынын алкагында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Тараптар өлкөнүн алдыдагы интеграциялык процесстерге катышуу мезгилинде болжолдонгон инфляциянын тушунда пенсионерлерди социалдык жактан коргоо жана пенсиялардын көлөмүн индексациялоо боюнча болжолдонуп жаткан чараларды талкуулашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

