super.kg logo

Ошто “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнуна 20 мектеп катышты

 
Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети жана Шаардык билим берүү башкармалыгы биргеликте "2015-жыл - КРнын Улуттук экономиканы чыңдоо жылына" карата мектеп окуучуларынын арасында "Акыл таймаш" аталышындагы интеллектуалдык оюнун өткөрүштү. Аталган оюнга шаардагы 20 мектеп катышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда шаардык мэриядан билдиришти. 
"Оюн учурунда дүйнөлүк жана Кыргызстанга белгилүү инсандар, адабият, тарых боюнча жана жалпы логикалык суроолор берилди. Сынактын жыйынтыгын атайын уюштуруу тобу тарабынан бекитилген эсептөө комиссиясы көзөмөлдөп чыгарды. Жыйынтыгында жалпы 20 команданын ичинен 1-орунду А.Навои мектебинен келген "Кырк-Чоро" командасы, 2-орунду "Кыргыз-Түрк достугу" мектебинин "Ак-Тилек" командасы, 3-орунду А.Алиев мектебинин "Табият" командасы багындырышты. Жеңүүчүлөргө Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан дипломдор, баалуу белектер тапшырылды. Калган 17 мектеп активдүү катышкандыгы үчүн сыйланды" деп айтылат маалыматта.         





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
04.02.2015. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай оюнду уюштурган Бектеналы Абдырахманов ар дайым бар бол. Окууларыңда, иштериңде ийгиликтер болсун. Ар ишемби сайын Фейсбукта дагы Баарын билгим келет тайпасында ушундай оюндарды уюштуруп келет.
04.02.2015. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Бектеналы кыргызга керегин тийсин. Эмнеси болсо да У Салиева мектептен бутконсун да досум...
04.02.2015. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meri9ga sunush kirgizip, suroolordu oz moinuna algan bala Bektenaly Abdrahmanov bolot. ХХХ ХХХ ХХХ.. Ozu student bala.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-02-05 10:51:08
05.02.2015. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hastamanana, Саламатсызбы!
Кабар мэриянын берген маалыматы боюнча жазылган. Эгер дагы ушул сыяктуу сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу нааразычылык же сын-пикир, суроо, сунуштар болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтсөңүз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: