2014-жылы Чүйдүн Москва районунда үйү жок 60 үй-бүлө аныкталган
Чүй облусунун Москва райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы 2014-жылы райондо жеке үйү жок 60 үй-бүлөнү аныктаган. Алар иштеген жерлери боюнча кой короо, фермаларда жашап жүрүшкөн. Маалыматты 4-февралда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул үй-бүлөлөрдө 82 улуу кишинин, 32 жаш баланын жеке документтери жок болуп чыккан. "Алардын баарына паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга жардам берилди. 8 эне жумушка орноштурулду",- деп билдирет министрлик.
Мекеме былтыр Москва райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы 806 үй-бүлөнүн жакырчылыктан чыгышына колдоо көрсөткөнүн маалымдайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

