"Кийинки чакырылыштын депутаттарын эмес, өзүбүздү ойлойлу" дейт депутат Калматов
Депутаттар 4-февралда Жогорку Кеңеште парламенттер аралык комиссиялар менен чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору жөнүндө жобого толуктоо киргизүүгө багытталган токтом долбоорун карады. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары жана комитет төрагалары депутаттык делегацияны чет өлкөгө иш сапары менен жетектеп баруусуна чектөө каралган. Демилгечи депутат Турсунбай Бакир уулу толуктоо Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышынын депутаттары үчүн сунушталып жатканын айтты.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Депутат Анарбек Калматов: "Кийинки келчү депутаттардын камын ойлоп эмне кылабыз, өздөрүнүн камын өздөрү ойлошсун. Азыр коомдо биз тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жатат. Ошондуктан биз өзүбүздүкүн ойлобойлубу?.."- деп билдирди.
Бакир уулу депутат Калматовдун айткандарына макул эместигин белгиледи. "Биз качанкыга чейин ушинтип жүрмөк элек? Кийинки чакырылыштын депутаттары бул норманы иштеп чыкканча дагы убакыт өтүп, ал кийинки чакырылышка калтырат. Андан көрө ушундай нормаларды иштеп чыгуу керек",- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

