Оперкызматкерди атып өлтүргөн кылмышкерди жашырган пенсионер 6 жылга эркинен ажыртылды
Оперкызматкерди атып өлтүргөн Александр Сояпин


Оперкызматкерди атып өлтүргөн Александр Сояпин

Абактан качкан кылмышкерди кармоо учурунда каза тапкан шаардык милициянын кызматкери Б.Сыдыгалиев
Оперкызматкерди атып өлтүргөн Александр Сояпинди жашырган пенсионер Наталья Мезина 6 жылга эркинен ажыртылды. Мындай өкүмдү 2-февраль күнү Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Маалыматка ылайык, соттук отурумда "кылмышкерди жашырган" деп айыпталган Наталья Мезина күнөөлүү деп табылды. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгү (кылмышты жаап-жашыруу) жана 241-берененин 1-бөлүгү (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иштери козголгон. Соттун өкүмүнө ылайык, 339-берененин 2-бөлүгү боюнча 4 жылга эркинен ажыртылды, 241-берененин 1-бөлүгү боюнча 4 жылга экринен ажыратылып, бирок КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесине (бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) ылайык, Н.Мезина 6 жылга эркинен ажыратылып, жазасын жатак-абактан өтөмөй болду.
Эске салсак, 2014-жылдын 14-ноябрында түрмөдөн качып кетип, издөөдө жүргөн Александр Сояпинди кармоо учурунда ал куралдуу каршылык көрсөтүп, шаардык милициянын 28 жаштагы Б.Сыдыгалиев аттуу оперкызматкерине ок чыгарган. Сыдыгалиевдин баш жана көкүрөгүнө ок тийип, ал окуя болгон жерден каза тапкан. Изин жашырып, качууга аракеттенген А.Сояпинди 64 жаштагы коңшусу Наталья Мезина үйүнүн жер төлөсүнө жашырып койгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
M89

04.02.2015. 16:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карыганда ага ушул керк беле эми?
Nur45

04.02.2015. 18:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да орус экен да канында бар да орус деген.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.