super.kg logo

Оштогу Юридикалык институттун кызматкеринин пара алып кармалганы боюнча иликтөө жүрүүдө

 
Кечээ, 3-февралда SUPER.KG порталына Оштогу Юридикалык институттун окутуучусу пара алып кармалгандыгы тууралуу маалымат чыккан. Кийинчерээк порталга аталган окуу жайдын басма сөз кызматынын жетекчиси Сабыр Бурканов кайрылып, алардын окуу жайында мындай факт катталбагандыгын айткан. 
"Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Мындай окутуучу биздин окуу жайда иштебейт. Ал 2010-жылы жумуштан айдалып кеткен",- деди С.Бурканов. 
Бул маалыматты берген Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары Айбек Токоевге кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык: 
"Биздин мекемеге 24-январь күнү Абдыкадырова аттуу жаран арыз менен кайрылган болчу. Анда ал Оштогу Юридикалык институтта иштеген Санабар аттуу айым окуудан айдалган студенттерден окуусун кайра калыбына келтирүүгө жардам берем деп 20 миң сом алганын айткан. Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 1-бөлүмү (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ал окутуучу соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Ал айым аталган окуу жайда иштейби же иштебейби, тергөөнүн жүрүшүндө иликтенет. Иликтөө иштеринин кызыкчылыгына байланыштуу толук маалымат кийинчерээк берилет",- деди А.Токоев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
04.02.2015. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуларды мамлекеттин адамы деп ким айтат басма соз дегенден кийин биринчи тактап туруп анан жооп беруу керек эле.
04.02.2015. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иштейт тапкыла керек болсо скрыйтый камера менен текшергиле чыгат толуп атат иштесенер ле чыгат арамзалар озунор пара аласынар ошондуктан колунардан эштеке келбей гана
Атамбаевдин коррупцияга каршы курош бирдда башы чыккан адам чыккан жок !
05.02.2015. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин эжем ушул институтта ОшМЮИде иштейт достор,эжемден сурадым азыр ал С.. аттуу кыз мурда иштеп айдалып кеткен экен.
05.02.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы учурда иштебейт,студентти иштеймин деп алдаган окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: