Ошто дин кызматкерлери үчүн өткөрүлгөн тынчтыкты орнотуу тренинги аяктады
Ош облусунда аялдардын "Мутакаллим" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган "Кыргызстанда этникалар арасында тынчтык орнотуу максатында көп секторлуу иш алып баруу” аттуу тренинг аяктады. Ош облустук казыятынын маалымат кызматы билдиргендей, окутуу 26-январдан 4-февралга чейин өткөрүлдү. Жыйынтыгында 72 катышуучуга сертификат тапшырылды. Тренингдин катышуучулары диний баалуулуктар менен мамлекеттик саясаттын катышуусунда тынчтык орнотуудагы адамдардын укуктары, чыр-чатактардын келип чыгуусун изилдөө, жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу, тынч коомду түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана дин лидерлеринин ролу боюнча тажрыйбаларын жогорулатышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:27
2025-08-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.