Тайванда 58 жүргүнчүсү менен бараткан учак дарыяга кулап түшүп, 19 адам каза болду



Тайванда "TransAsia" компаниясына таандык ATR 72-600 учагы 58 жүргүнчүсү менен баратып, бүгүн, 4-февралда өлкө борборунан алыс эмес жерге, дарыяга кулап түштү. Чет элдик маалымат каражаттары кырсыктан каза тапкандардын саны 19га жеткенин билдиришти.
Ал эми жаракат алган 10го чукул адам куткарылып, ооруканага жиберилсе, калгандары суунун ичинен изделүүдө. Учактагы 58 адамдын 5и экипаж мүчөлөрү болгон. Учак өлкө борборундагы Суншань аэропортунан Цзиньмэнь аралыгын карай багыт алган. Учак абага көтөрүлгөндөн кийин бир канча мүнөттөн соң башкаруудан чыгып, ал ылдый карай жүрүп, көпүрөнү сүзүп, дарыяга кулап түшкөнү айтылды. Ошондой эле учак көпүрөдө жүрүп бараткан унааны сүзүп, натыйжада унаадагы бир жүргүнчү жаракат алган.
Айта кетсек, 2014-жылдын 23-июлунда аталган компаниянын ATR-72 үлгүсүндөгү учагы 58 адамы менен кулап түшүп, 48 адам каза болгон.
Тайванда 58 адамы менен бараткан учак кулап түштү







1 |