super.kg logo

Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин комузчусу Канымгүл Райымбекованы ардактуу эс алууга узатуу салтанаты болду

 

Бүгүн, 4-февралда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К.Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринин комузчусу, Маданияттын мыкты кызматкери Канымгүл Райымбекованы ардактуу эс алууга узатуу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган филармониянын көркөм жетекчиси Улан Зайнидин билдирди. 

Канымгүл Райымбекова 1967-1972-жылдары М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын “Эл аспаптары” бөлүмүнөн окуп билим алып, 1971-жылдан ушул күнгө чейин К.Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринде үзүрлүү эмгектенип келген. 

"Таланттуу артистибизди Улуттук филармониянын башкы директору, КРнын Эл артисти  К.Осмонов, Кыргыз Эл артисттери С.Жумалиев, С.Токтакунова, Г.Мамашева, жамааттын атынан оркестрдин башкы дирижёру С.Акматалиев жана башкалар каалоо-тилектерин, жылуу сөздөрүн айтып, ардактуу эс алууга узатышты",- дейт Улан Зайнидин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: