super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев сатып алуулар боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилерин сынга алды

 

Бүгүн, 4-февралда премьер-министр Жоомарт Оторбаев электрондук мамлекеттик сатып алуулар тууралуу пландын аткарылышы боюнча жыйын өткөрдү.

Премьер-министр өлкөдө реформа жүргүзүүдө жана коррупция менен күрөшүүдө мамлекеттик сатып алуулар негизги маселе экенин белгиледи. “Эки жарым жыл мурун биз жакшы долбоорлорду кабыл алууну үйрөнүү жана жайылтуу үчүн донорлорго кайрылганбыз. Жыйынтыгында биз Азия өнүктүрүү банкы, Европа банкы жана Бүткүл дүйнөлүк банктан колдоо алганбыз”,- деди Оторбаев.

Өкмөт башчы электрондук сатып алуулар боюнча системди жайылтуу маанилүү экенин айтты. “Мындай иш-аракеттерибиз мамлекеттик сатып алуулар процессинде коррупциянын төмөндөшүнө алып келет”,- деди ал.

Оторбаев электрондук мамлекеттик сатып алууларга этабы менен өтүү боюнча алдыга коюлган пландардын аткарылышы боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ишин сынга алды. Ошондой эле 2014-жылдын аягына чейин электрондук сатып алуу системине өтүү боюнча өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө жана мамлекеттик органдарга тапшырма берилгенин эскертти. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: