super.kg logo
  Спорт  

Тогуз коргоол боюнча Бишкектин чемпиондору аныкталды

 

Бүгүн, 4-февралда борбор калаада тогуз коргоол боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги жыйынтыкталды. Мелдеште уландар арасында 40, кыз-келиндер арасында 36 катышуучу болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеште жекеликте алдынкы 2 орунду ээлеген улан-кыздар шаардын курама командасына киришти. Алар 25-февралдан 8-мартка чейин өтүүчү өлкө биринчилигинде Бишкектин намысын талашышат. 

Командалык эсепте уландар арасында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын командасы биринчиликти ээледи. Ал эми кыз-келиндер арасында командалык эсепте Ж.Баласагын атындагы КУУнун командасы жеңишке жетишти. Жекеликте уландар арасында биринчиликти Анарбек Жамакеев, кыз-келиндер арасында Максатбек кызы Айтурган багындырды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: