Оштогу психикалык борбордун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Ош облустук психикалык борборунун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Өзгөн районунун тургуну кайрылган. Анда ал Оштогу психикалык борбордун кызматкери майыптыгы боюнча документти узартып берүү үчүн 5 миң сом сураганын айткан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.