super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Башка жумшак мамиле болбойт, өкмөт башчынын тапшырмасын аткарбагандар, кызматтан кетесиңер"

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 4-февралда электрондук мамлекеттик сатып алуулар тууралуу пландын аткарылышы боюнча жыйын өткөрдү. 

Жоомарт Оторбаев электрондук мамлекеттик сатып алуулар тутумуна өтүү маселесин көзөмөлдөгөн мамлекеттик орган жетекчилеринин орун басарларынын, министрлик статс-катчыларынын жекече жоопкерчилигин кароо тапшырмасын берди. "Бир катар ведомстволордогу мамлекеттик сатып алуулар тутумун көзөмөлдөгөн жактар премьер-министрдин тапшырмасын аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулат. Мамлекеттик сатып алуулар департаменти тийиштүү иш алып барбай жатат, мисалга, ал сатып алуулардын көлөмү тууралуу маалыматтарды сунуштаган эмес. Мындан ары карай жумшак мамиле болбойт. Жакынкы арада кадрдык маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат. Биринчи жетекчилер мамлекеттик сатып алуулар тутумундагы реформалар үчүн жекече жооп беришет",- деди Оторбаев. Ошондой эле бардык министрлик жана ведомство жетекчилеринен ведомствого караштуу мекемелердеги электрондук сатып алуулардын өткөрүлүшү тууралуу жума сайын отчёт берүүсүн талап кылды.

Мындан тышкары премьер-министр бардык мамлекеттик орган жетекчилерине электрондук мамлекеттик порталды колдонбогон сатып алууга жоопкер кызматкерлерден тазаланууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: