Жылнаама, 5-февраль: Мындан 30 жыл мурун португалиялык футболчу Криштиану Роналду төрөлгөн
* Мындан 74 жыл мурун, 1941-жылы обончу, композитор, дирижёр Сардарбек Жумалиев Ысык-Ата районунун Жар-Башы айылында туулган. Башталгыч мектепти айылдан окуп, 1955-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын алдындагы балдардын музыкалык мектебинин комуз классын бүтүрүп, 1959-1962-жылдары М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынан билим алган. Эмгек жолун 1959-жылы, аталган окуу жайда окуп жүргөн кезинде эле Кыргыз мамлекеттик филармониясында эл аспаптар оркестринде артист-музыкант болуп иштөөдөн баштап, 1964-1967-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн. Анын "Таң сыры", "Сары-Челек", "Сен менин жазылбаган ырларымсың", "Жаңы жылды тосолу", "Ысык-Ата - Арашан", "Махабат мекени", "Кетпейм сага жолукмайынча", "Бульварым" деген сыяктуу жүздөн ашык обону бар.
* Мындан 63 жыл мурун, 1952-жылы Нью-Йоркто жөө адамдар үчүн алгачкы жол чырак орнотулган. Ал жөө жүрүүчүлөрдүн жолдон өтүүсүн камсыз кылган. Анда эки гана белги болгон. Бири жолдон өткөнгө уруксат бере турган, ал эми экинчиси, албетте, күтө туруу керек экенин билдирген. Бул максатта жашыл жана кызыл түстөр колдонулган.
* Мындан 30 жыл мурун, 1985-жылы португалиялык футболчу Криштиану Роналду Португалиянын Мадейра аралындагы Фуншал шаарында төрөлгөн. Роналду профессионал футболдо "Спортингдин" курамында 2001-жылы дебют жасап, биринчи оюнунда гол киргизген. 2003-жылы англиялык "Манчестер Юнайтеддин" курамына кошулуп, 2004-жылы Англиянын Кубогун уткан. Бул клубдун курамында 3 ирет Англия Премьер-лигасын утуп (2007, 2008, 2009), 2008-жылы 31 голу менен мелдештин башкы бомбардири аталган. 2008-жылы УЕФАнын ЧЛсында утуп, башкы бомбардир болгон (8 гол). 2009-жылы ал мадриддик "Реалга" 94 миллион еврого сатылып, бир футболчу үчүн төлөнгөн сумма боюнча жаңы рекорд койгон. Ошол күндөн тарта Криштиану Роналду футбол тарыхындагы эң кымбат оюнчуга айланган. Криштиану Роналду 2008, 2013 жана 2014-жылдары ФИФАнын версиясы боюнча "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталган. кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















