super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Курманбек аймактык башкаруусунун өткөн жылы аткарган иштери талкууланды

 

Бүгүн, 4-февралда Жалал-Абад шаарындагы Курманбек аймактык башкаруусунда шаар мэри Салайдин Авазов, кварталдык комитет жана кондоминиум төрагалары, тургундардын катышуусунда жыйын болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыйында аталган аймактык башкаруунун жетекчисинин жана аймактык тескөөчүлөрдүн өткөн жылдагы аткарган иштеринин отчёттору каралды. Курманбек аймактык башкаруусу боюнча 25 150 калк жашайт. 10 кварталдык комитет, 13 кондоминиум иштеп, 4050 жер үй жана 30 көп кабаттуу үй жайгашкан. Ошондой эле 5 мектеп, 7 бала бакча, 1 жогорку окуу жайы, 9 мечит, 4 медициналык мекеме, 22 мекеме-уюмдар, 1 милиция бөлүмү, 1 почта бөлүмү жана 1 аксакалдар соту жайгашкан.

"Аталган башкаруунун 2014-жылда жасаган жумуштары, алдына коюлган перспективдүү пландарынын негизинде, мэриянын жана шаардык кеңештин жетекчилиги астында иш пландар түзүлүп, ошонун негизинде иштер аткарылууда. Электр энергия, суу, жылуулук, газ жана таштандыларды ташып чыгууга болгон карыздарды өндүрүүдө иш жүрүп жатат. Ошондой эле эл арасында таралуучу ооруларды болтурбоо максатында жергиликтүү эмканалар менен биргеликте оорунун алдын алуу боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө",- деп билдирди аймакты башкаруунун жетекчиси Шухрат Бурканов өзүнүн отчётунда.  

Жыйындын жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер, тазалык, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, ошондой эле электр энергиясы боюнча да сөз козголду.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: