super.kg logo

Кыргызстанда кыргыз элинин мораль жана этикасын чагылдырган "Кыргыз кодекси" аттуу китеп жарык көрдү

 

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Максат Чакиев “Кыргыз кодекси” аттуу китеп жарык көргөнүн 4-февралда SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, китепте кыргыз элинин баалуулуктары, принциби, философиясы чагылдырылган. Анын ичинде мыйзам ченемдүүлүк, сөздүн, намыстын, башкаруунун, үй-бүлөнүн, жоокердин, жарандардын моралдык-этикалык эрежелери көрсөтүлгөн.

“Биз бир нече жылдан бери кыргыздарга карата туура эмес пикирлерди байкап келебиз. Мисалы, эже-карындаштарыбызга “ОБОН” деген терминди чаптап коюшту, тилекке каршы, бул ат Кыргызстанда гана колдонулат. Биз эмне үчүн аялзатыбыз “ОБОН” деп аталышы керек? Биздин апалар андай эмес. Мына ушундай пикирлерди жокко чыгаруу максатында бул китеп жарыкка чыкты. Анда кыргыз эли атам замандан бери сөзүнө бекем турган, кыраакы болгону баяндалат. Ошондой эле кыргыз кандай жоопкерчиликти алат, кандай мотивдер менен башкарат, жашоодо кандай принцип менен жашаш керектиги айтылат. Китепти окуган ар бир жаран өзүн таба алат деген ойдомун”,- деп кошумчалады Максат Чакиев. Белгилей кетсек, китептин бет ачары март айында болот. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: