Түштүк-Батыш аймактык командачылыгынын өздүк курамы менен машыгуу өткөрүлдү
Күжүрмөн
даярдыктын 2015-жылкы планына ылайык, 30-январда 36806-аскер бөлүгүнүн
полигонунда 01525-аскер бөлүгүнүн өздүк курамы менен жеңил аткыч
куралдар жана табелдик куралдардан атуу боюнча машыгуу өткөрүлдү. Маалыматты 4-февралда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти. Курал атууга келишимдик кызматтын аскерлери менен офицерлери катышты. Иш-чаранын максаты - буга чейинки курал атуу тажрыйбасын бекемдөө,
бышыктоо жана офицерлердин ок атуу даярдыгы боюнча сабактарды уюштуруу жана
өткөрүүдөгү практикалык милдеттерди жакшыртуу.
Автор: Автандил Добулбеков
"Сабактардын жүрүшүндө өздүк курам Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн куралдануусунда турган аткыч куралдар боюнча теориялык билимдерин бышыктап, ок атуу чеберчиликтерин мыкты деңгээлдерге көтөрүү менен алектеништи. Түштүк-Батыш аймактык командачылыгынын кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелеринде окутуучу атуулар Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгынын планына ылайык ай сайын өткөрүлөт",- деп билдирет мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















