super.kg logo
  Саясат  

Оторбаев: "Эч ким электрондук сатып алуулар менен алектенгиси келбейт, баары коррупция менен алектенгиси келет"

 

"Эч ким электрондук сатып алуулар менен алектенгиси келбейт, баары коррупция менен алектенгиси келет". Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 4-февралда Өкмөт үйүндө электрондук мамлекеттик сатып алуулар тууралуу пландын аткарылышы боюнча жыйында айтты.

"19 акционердик коомдун 6сы гана бул тутумда катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4 уюмунун 3ү гана бул тутумга өткөн. Билим берүү жана илим министрлигинин 22 мекемесинин бири дагы онлайн сатыктарды жүргүзбөйт. Саламаттык сактоо министрлигинде 31 мекеменин 3ү гана онлайн тутумга өткөн. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 4 мекемеси электрондук сатып алууларга өткөн эмес. Коргоо министрлигинин жана Мамлекеттик чек ара кызматынын мекемелери да тапшырманы аткарган эмес. Биз кантип иш алып барабыз?"- деди Оторбаев. 

Ал кошумчалагандай, планга киргизилген 125 уюмдун 30у гана же 24 пайызы электрондук сатып алууларды киргизе баштаган. "Бул мамлекеттик органдар үчүн коррупцияга карата тест катары саналган, андан көбүңүздөр өтө албадыңыздар. Эч ким онлайн сатык менен алектенгиси келбейт, баары коррупция менен алектенгиси келет. Мен укук коргоо органдарынын жетекчилерине бул тутумдагы кыянаттык менен пайдаланууларга каршы күрөш жүргүзүү маселесине тутумдуу мамиле кылууну тапшырам",- деп кошумчалады Оторбаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: