Бүгүн Бишкек, Талас жана Чүйдүн айрым аймактарында жарык өчөт

Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу 5-февралда Бишкектин, Чүйдүн жана Талас облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Ала-Тоо жаңы конушунда электр чубалгылары оңдолгонуна байланыштуу электр жарыгына чектөө киргизилет.
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Степное айылында, Сокулук районундагы Заря айылында жарык өчөт.
Ал эми Талас районунда саат 09:00дөн 15:00гө чейин Ак-Сай, Кошар айылдарында жарык өчүрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:27
2025-08-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.