super.kg logo

Акыркы суткада өлкөдө 8 өрт кырсыгы катталып, борбордогу унаа жуучу жайлардын бири өрттөнүп кетти

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Борбордогу Панфилов көчөсүндөгү унаа жуучу жайлардын биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен аталган жайдын жыгач устундуу, ондулин жабылган 380 чарчы метр чатыры, пластик менен капталган дубалы жана 2 унаа жуучу аппарат толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер жабылган, жалпы аянты 30 чарчы метрди түзгөн чатыры күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: