super.kg logo

Ош. Шаардагы №51-мектепке өткөн жылы 1 миллион 147 миң сомдон ашык суммадагы инвестиция тартылган

 

Ош шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы мектептин директору жана жалпы эмгек жамааты тарабынан 2014-жылы мектепке 1 миллион 147 миң сомдон ашуун инвестициялык долбоорлор тартылган. Шаардык билим берүү башкармалыгы кабарлагандай, алгач “Мектеп - келечекке жол” аттуу долбоор жазышып, анын биринчи баскычында Борбор Азиядагы Евразия фонду жана Билим берүү башкармалыгы тарабынан бөлүнгөн 230 миң сом акча каражатына оргтехника жана чоң жыйын залына отургучтар алынды.

Кийинки долбоордо мектеп үчүн эң зарыл болгон спорт аянтчасын куруу үчүн “Спорт - ден соолуктун булагы” аттуу долбоор жазылып, 518 миң сомго жаңы спорт аянтчасы курулган. Ошондой эле жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жана аталган башкармалыктын көмөгү астында 164 миң сом чогултулуп, бул каражатка эмгек бөлмөлөрү үчүн контейнерлер алынды, жылытуу боюнча иштер аткарылып, терезе жана эшиктер жаңыланды. Мындан сырткары жаштардын демилгеси менен тарых мугалими Искандаров Э.Н. 60 миң сомго жардам уюштуруп, окуучулар үчүн кышкы кийим алынды жана "Мерси-ко" долбоору боюнча 175 948 сомдук жаңы эмеректер менен класстык бөлмөлөр камсыздалды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: