super.kg logo
  Саясат  

Ыргал Кадыралиева: "Ош аэропортунан акча тоногондор өздөрү колдонгон SIM-картаны атайлап агам Санжар Кадыралиевдин атына каттатышкан"

 

"Ош аэропортунан акча тоногон кылмышкерлер өздөрү колдонгон SIM-картаны атайлап агам, маркум Санжар Кадыралиевдин атына каттатышкан",- деп билдирди депутат Ыргал Кадыралиева 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында. Анын айтымында, кылмышкерлер телефон номурун Санжар Кадыралиевдин атына каттатуу менен кылмышты бир тууганы Канжар Кадыралиевге оодарууга аракет кылышкан.

“Бул атайын жасалган иш, "подстава". Муну саясий буйрук деп айтуу керек. Мунун артында турган адам белгилүү партиянын өкүлү экени, алдынкы шайлоодогу негизги талапкер экени ачык эле айтылууда. Кылмышка шектелип кармалгандардын бири Абдисалам Амановдун үй-бүлөсү жакында маалымат жыйын берип, уулун укук коргоо кызматкерлери кыйнап, Канжар Кадыралиевге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылып жатышканын айтышыптыр. Бул фактыны иликтеп чыгууну талап кылам”,- деди Кадыралиева. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: