Тайырбек Сарпашев Донецк жана Луганскка байланыштуу айткан сөзү үчүн бүгүн парламентте түшүндүрмө берет
Бүгүн, 5-февралда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев "Кара-Суу жана Араван райондорун Донецк менен Луганскка салыштырды" деген доомат боюнча Жогорку Кеңешке келип, депутаттарга түшүндүрмө берет. Муну вице-спикер Төрөбай Зулпукаров парламенттин 5-февралдагы жыйынында билдирди. Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 4-5-февралдагы жыйындарында депутаттар Сарпашев 2-февралда
Кара-Суу жана Араван райондорун Украинанын Луганск менен Донецк Элдик
Республикаларына салыштырып, туура эмес саясат жүргүзүп жатканын айтышып, бул маселе боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылышкан.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

