super.kg logo

Бишкекте Маданият министрлигинин 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясы өтүүдө

 

Бүгүн, 5-февралда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясы өтүүдө. Иш-чарага КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, маданият жаатында иш алып барган кызматкерлер катышууда.

2014-жылы маданият жаатында аткарылган иш-чаралар:

- Материалдык маданий мурастарды сактоонун эӊ жогорку формасы – эстеликтин ЮНЕСКОнун "Бүткүл дүйнөлүк мурас" статусуна ээ болушу.

- ЮНЕСКОнун Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Казакстан менен биргеликте “Кыргыз жана казак боз үйүн жасоонун салттуу билими жана даярдоо ыкмалары” аталышындагы билдирме кирди.

- "Түрксой" уюмунун демилгеси менен 2014-жыл түрк мамлекеттеринде Токтогул Сатылгановдун жылы деп жарыяланып, залкар инсандын элесин түбөлүккө калтыруу максатында жана анын чыгармачылыгын жайылтуу максатында иш-чаралар өттү.

- КРнын этностор аралык мамилелерди бекемдөө максатында Баткен облусунда “Алтын” өрөөн аттуу достук фестивалы уюштурулду.

- 9-14-сентябрь күндөрү Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү.

- Бишкектеги Улуттук китепкананын 80 жылдыгы белгиленип, иш-чара эл аралык деӊгээлде өттү.

- Музей ишин жөнгө салуучу мыйзамдын жаӊы редакциясы иштелип чыгып, анда ушул тармактагы көйгөйлөрдү мыйзам чегинде чечүү каралган.

- Кыргыз мамлекеттик цирки 2014-жылы 2 миллиондон ашуун көрүүчүлөрдү тейлеп, 1600дөн ашуун оюн көрсөтүшкөн.

- 2014-жылы Кыргызстандын эгемен тарыхында биринчи жолу “Курманжан датка” толук метраждуу көркөм тасма тартылды.

- Өлкө боюнча 6 жаӊы Кино үйү ишке берилип, мамлекеттик каттоодон өткөрүлдү.

- Республикадагы театрлар тарабынан 1841 спектакль коюлган. Алардын ичинен 45и жаӊы постановкалар.

- Бишкек шаарында балет фестивалы, Ош жана Баткен шаарларында 6-республикалык театр фестивалы өткөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: