Жогорку Кеңеш “Нан унун байытуу жөнүндө” мыйзам долбоорун 3-окууда добуш берүүгө жиберди
"Нан унун байытуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун депутаттар Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында 3-окууда талкуулап, добуш берүүгө жиберишти. Мыйзам долбоорунун максаты - калктын байытылган унга жетишин кеңейтүү жана байытылган унду өндүрүүгө, өлкөгө алып келүүгө жана сатып өткөрүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүү. Мындай талаптар сакталбаган учурларда административдик жоопкерчиликке тартуу чаралары киргизилүүдө. Демилгечилер адамдын организмине энергиялык керектүү заттардын 75 пайызы дандан алынарын айтышып, данды ун кылып тартууда витаминдер менен микроэлементтердин 80 пайызы улпакка чыгып кетерин билдиришти. Нан унун байытуу аркылуу эне менен баланын ден соолугундагы темирдин жетишсиздиги жоюлары кошумчаланды.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Мындан сырткары жогорку жана 1-сорттогу ундар сөзсүз түрдө премикс каражаты менен байытылышы ири ун комбинаттарына милдеттендирилип жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

