super.kg logo

Депутат гейлерге каршы мыйзамды жактаган митингчилер менен жолугушууга чыгып, аларды колдой турганын айтты

 

Бүгүн, 5-февралда Ак үйдүн жанында 60-70 адамдын катышуусунда митинг өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө "Калыс" саясий кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов алардын тынчын алган негизги маселелер менен тааныштырды.

Митингчилер менен жолугушууга чыккан депутат Нуркамил Мадалиев алар койгон талаптардын жөндүү экенин айтты. "Европа парламенти Кыргызстандын парламентинин гейлерге каршы мыйзам долбооруна каршы чыгып, Кыргызстандын мамлекеттик ички иштерине түздөн-түз кийлигишип жатат деп санайм. Мындай иш-аракетти коркутуу иретинде кабыл алышыбыз керек",- деген пикири менен бөлүштү депутат.

"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга толуктоолорду киргизүү боюнча демилге парламенттин тиешелүү комитети тарабынан 1 жылга жакын атайын токтотулуп турат. Комитет башчысы Наталья Никитенко "бейөкмөт уюмдар өз корутундуларын жөнөтпөй жатышат" дейт. Февраль ичинде ушул демилге каралат деген ишеничтебиз. Буга биз болгон күчүбүздү жумшайбыз",- деп түшүндүрдү Мадалиев.

Ал эми гомосексуализмге каршы мыйзам долбоору тууралуу ал демилгечилерге кайрылууну сунуштады. Андан соң чогулгандар тарап кетишти. 






Гейлерге каршы митингди депутат колдоду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
Медиа-портал
05.02.2015. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен деле бармакмын кыз келиндер ббарса болбой калабы деп уялдым. колдойм активисттерди. азаматсынар!
11.02.2015. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айбанча жашоо акылдуу адамдын иши эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: